Menü
Эл-Сөздүк

АСАН КАЙГЫ

АСАН КАЙГЫ — кейипкер. Мамбет Чокморовдун вариантында Манастын эң түпкү чоң аталарынын бири, жер кезип жүргөн көзү ачык олуя. Ал Манас туула электен алда качан мурун анын келечектеги тагдыры жөнүндө алдын ала айтат. Өз уулу Ногойдун турмушунда да көзү ачык олуя катары көрүнүктүү роль ойнойт. А. к. кыргыз, казак, ногой, каракалпак элдеринин оозеки чыгармаларында легендарлуу ойчул, сынчы, акылман. Ал өзүнүн элинин бейпил, жыргал турмушта жашашы үчүн кереметтүү өлкө Жер-Уюкту издеп жер кезет. Дүйнөдөгү мүлдө жан-жаныбар жөнүндө:
Боорунда буту жок,
Жылан байкуш кантти экен?
Куйругу жок, жалы жок
Кулан байкуш кантти экен? (МЧВ, Кол жазмалар фондусу, 5116-инв., 2-б.),

— деп боору ооруп, ойго батат. Ушундан улам элде өзүнөк-өзү санаага баткан адамдарга карата А. к-чы деген ылакап айтылат. Тарыхта А. к. 14 — 15-к-дын аралыгында Алтын-Ордонун тегерегинде жашаганы болжолдонот. Өз мезгилинин белгилүү инсаны болуп, ишмердиги эл ичинде аңыз сөзгө айланышы, анын «Манаска» да кейипкер катары катышышын шарттаган.
С.Алиев

Примеры переводов: АСАН КАЙГЫ

Kırgız Rusça
кайгы горе
кайгы горе
кайгы печаль
кайгы печаль
Дүйнөнүн акыры келгиче жашообуз кайгы-капа менен эле коштолушу керекпи? Если наша жизнь будет отмечен только печали и горя до конца не доходит?
Адамзат туш болуп жаткан кайгы-касыреттерге Жахабанын Күбөлөрү да кабылат. Свидетели Иеговы не защищены от бедствий, которые происходят человечество в целом.

Примеры переводов: АСАН КАЙГЫ

Kırgız İngilizce
кайгы grief
кайгы sorrow
кайгы grief
кайгы sorrow
Дүйнөнүн акыры келгиче жашообуз кайгы-капа менен эле коштолушу керекпи? Should our lives be marked only by sadness and grief until the end comes?
Адамзат туш болуп жаткан кайгы-касыреттерге Жахабанын Күбөлөрү да кабылат. Jehovah's Witnesses are not immune to the calamities that befall mankind in general.

Можете поискать примеры использование слово Эл-Создук: